Жаңылыктар
УКМК: "Жалал-Абад кен байлыктары" мамлекеттик ишканасын түзүү демилгеленди
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: "Жалал-Абад кен байлыктары" мамлекеттик ишканасын түзүү демилгеленди

Тоо-кен компанияларынын ишин көзөмөлдөө үчүн "Жалал-Абад кен байлыктары"мамлекеттик ишканасын түзүү демилгеленди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 298-беренеси "Иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу" жана 337-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун аймагында 2015-2023-жылдар аралыгында 40тай кен казуучу компания иш жүргүзгөндүгү аныкталып, алар алтындын жана көмүрдүн запастарын өздөштүрүшкөн жана кайра иштетишкен. Бирок лицензиялардын мөөнөтү бүткөндөн кийин лицензиялык участокторду техникалык жана биологиялык рекультивациялашкан эмес.

Тактап айтканда, көзөмөлдөөчү органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугунан жер казынасын пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамын бузуу менен атайын рекультивациялоо фондуна акча каражатын которушкан эмес, мунун натыйжасында 517 гектардан ашык түшүмдүү жер жараксыз болуп калган.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн маркшейдердик өлчөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча тоо-кен ишканалары кендерди иштетүүнүн алкагында алардын лицензиялык аянтына кирбеген аймактардан да пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алышкан. Ошол эле учурда, айрым участоктордо жер казынасын иштетүү 55 метрге чейинки тереңдикте мыйзамсыз жүргүзүлгөн, ал эми лицензиялык макулдашууда 12 метр тереңдиктен ашпоого тийиш экендиги көрсөтүлгөн.

Мындан улам, жер казынасын абийирсиз пайдалануучулар тарабынан минералдык ресурстарды көзөмөлсүз жана жапайы казып алуунун натыйжасында экологияга 1,8 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча тоо-кен компанияларынын ишин контролдоо максатында КР министрлер кабинети тарабынан КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин алдындагы "Жалал-Абад кен байлыктары" мамлекеттик ишканасын түзүү маселеси каралууда.