Жаңылыктар
Баш мыйзам тууралуу Нарын шаарында «тегерек столдор» өттү
Саясат
Баш мыйзам тууралуу Нарын шаарында «тегерек столдор» өттү

Нарын шаарынын айрым мекеме-ишканаларында жана окуу жайларында баш мыйзамга киргизилип жаткан толуктоолор менен кошумчалар боюнча «тегерек столдор» өттү.

Теңир тоолук жаштардын басымдуу бөлүгү билим алган Нарын мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн иш-чарада суроолор көп болуп, аларга тиешелүү жооптор алынды. 

Өлкөбүздүн баш мыйзамына киргизилүүчү өзгөртүүлөр туурасында кеңири түшүндүрмөлөрдү беришкен юристтердин пикиринде , нарындык жаштардын саясий активдүүлүгү азыртан эле байкалууда.