Жаңылыктар
УТРК “Париж” Олимпиадасын түз эфирде көрсөтөт
УТРК жаңылыктары
УТРК “Париж” Олимпиадасын түз эфирде көрсөтөт

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Париж олимпиадасын түз эфирде көрсөтөт.

Жакында Монголияда УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев жана “My Mongolian Entertainment” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси М.Уламбадрах Парижде өтө турган Олимпиаданы Кыргызстанда түз эфирде көрсөтүү боюнча келишимге кол койду. XXXIII жайкы Олимпиада оюндары ушул жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин Парижде өтөт.

Дүйнөлүк ири спорттук мелдешке Кыргызстандан спорттун 6 түрү боюнча 16 спортчу барат.

Спорт күйөрмандары Олимпиаданын алкагында өтүүчү оюндарды жана башка маалыматтарды УТРКнын расмий сайтынан да ала алышат. Учурда сайтта жайкы Олимпиадага арналган атайын баракча иштелип чыгууда жана өлкөнүн бардык аймактарында спорттук иш-чараны УТРК түз эфирде чагылдырары тууралуу жарнамалар байма-бай берилүүдө.