Жаңылыктар
Сел жүргөн Баткен жана Лейлек райондорунда ыкчам топтор иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Сел жүргөн Баткен жана Лейлек райондорунда ыкчам топтор иштөөдө

Сел жүргөн Баткен жана Лейлек райондорунда ыкчам топтор иштөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 10-июлда Баткен районунун тоолуу аймактарында жааган нөшөрлүү жаандан улам Айгүл-Таш – Согмент унаа жолунун 3-9-чакырымына, Баткен – Боз-Адыр унаа жолуна (чакырымы такталууда) сел суулары келип, жол жабылган.

“Учурда жеринде ыкчам топ, ошондой эле №2 Жол тейлөө ишканасынан грейдер, жүктөгүч техникасы иштеп жатат” - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Лейлек районунун Катраң, Лейлек айыл аймактарында жааган жаандан Катраң – Өзгөрүш унаа жолуна (чакырым такталууда) сел суулары келип, жол каттамы убактылуу токтогон.

Ошондой эле, Ак-Терек айылындагы сел өткөрүүчү сай аркылуу суу Раззаков – Баткен унаа жолуна (чакырымы такталууда) түшкөн. Ушу тапта жол каттам бар. Аталган аймактарда да ыкчам топ иш алып барууда.

Мындан сырткары, Баткен шаарынын аймагында жааган жаандан кийин келген сел суулары Чет-Булак кварталындагы сел өткөрүүчү сайында өз нугунда агууда. Жеринде көзөмөл жүргүзүлүп жатат.