Жаңылыктар
Балыкчы автобекети мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчы автобекети мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Балыкчы шаарынын автобекети мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура мыйзамсыз менчиктештирип алган жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгартуу үчүн сотко доо арыз келтирип, кароонун жыйынтыгында сот органдары тарабынан жараксыз деп табылган.

Анын негизинде шаардык мэрияга прокурордук талап киргизилип, Балыкчы шаарынын Абдрахманов №17-Б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1,67 га болгон, орточо базар баасы 85 млн 501 миң сомду түзгөн Балыкчы автобекети мамлекетке кайтарылды.