Жаңылыктар
УТРК - Internews: журналисттер жаңы көндүмдөргө ээ болушту
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК - Internews: журналисттер жаңы көндүмдөргө ээ болушту

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Медиакоммуникация боюнча окуу борборунда Internews уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте УТРК кызматкерлери үчүн “Маалыматтык жанрлардын драматургиясы” темасына арналган окуу уюштурулду.

Белгилүү медиа эксперттер Марс Тулегенов жана Элима Жапаровалар тажрыйбасы менен бөлүштү.

Тренингдин жүрүшүндө медиа айдыңындагы заманбап чакырыктар талданып, катышуучулар социалдык, актуалдуу маселелерди чечүү боюнча жаңы көндүмдөргө ээ болушту.

 Андан тышкары, машыктыруучулар атайын репортаж форматындагы материалдарды даярдоо ыкмалары тууралуу айтып берип, учурдун тренддери менен бөлүшүштү.

Алардын айтымында, атайын репортаждарды даярдоодо азыр инфографика көп колдонуула баштады. Телекөрсөтүү менен интернеттин талаптарын бирдей камтыган материалдар актуалдуу болууда.

Иш чаранын соңунда катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.