Жаңылыктар
Айгүл Жапарова "Витебсктеги Славян базары" фестивалынын ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Айгүл Жапарова "Витебсктеги Славян базары" фестивалынын ачылышына катышты

Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова 11-июлда беларус тараптын чакыруусу боюнча ардактуу мейман катары "Витебсктеги Славян базары" XXXIII Эл аралык искусство фестивалынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чараны Беларустун президенти Александр Лукашенко ачты, андан соң белгилүү аткаруучулардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт болду.

Быйыл Кыргызстандын атынан бул фестивалга 14 жаштагы Раяна Алибаева катышууда, ал улуттук тандоо турунун жеңүүчүсү, ошондой эле ар түрдүү эл аралык жана республикалык жаш таланттар сынактарынын катышуучусу жана байге ээси болуп саналат.

"Славян базары" - 1992-жылдан бери Витебск шаарында жыл сайын өтүп келген эл аралык искусство фестивалы.

"Славян базары" фестивалынын флагштогунда Кыргызстандын туусу Словакия, Литва, Түркия, Болгария, Югославиянын желектеринин катарында алгачкы ирет 1993-жылы илинген.

Фестивалдын алкагында ырчылардын, балдардын музыкалык сынагы өткөрүлөт.

Фестивалдын программасында музыка, театр, кино, көркөм сүрөт искусствосунун жана элдик кол өнөрчүлүктүн түрдүү жанрлары камтылган. Чыгыш Европадагы ири фестивалдардын бири.

Фестивалга Чыгыш Европанын, Борбор Азиянын, Африканын жана башка дүйнө өлкөлөрүнүн артисттери катышууда.