Жаңылыктар
Добуш саткандарга жана сатып алгандар жаза күчөтүлөт
Саясат
Добуш саткандарга жана сатып алгандар жаза күчөтүлөт

Партиялардын өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталса, ал саясый бирикмени шайлоо жарышынан чыгаруу маселеси коюлат. Бул тууралуу ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

Эске салсак, буга чейин Бишкектик студент WhatsApp тиркемеси аркылуу шайлоодо 1 добушка миң сомдон төлөнөт деген билдирүү тараткан. Кайсы партия тууралуу сөз болуп жаткандыгын аныктоо боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул маселе боюнча мыйзам долбоору эл өкүлдөрүнүн талкуусунда. Добуш саткандарга жана  сатып алгандарга  карата  жазаларды күчөтүү боюнча мыйзам  долбоору каралууда.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"