Жаңылыктар
Селдин кесепетинен дайынсыз болгондорду издөөгө 350 адам тартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Селдин кесепетинен дайынсыз болгондорду издөөгө 350 адам тартылды

Бүгүн, 15-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ, 14-июлда саат 22:40та 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан табылган.

Бүгүн издөө-куткаруу иштери 4 топко бөлүнүү менен башталып, Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базары тарабында уланууда.

Издөө ишине тартылгандардын 170и ӨКМнын куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар бар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.

Белгилей кетсек, жалпы 5 адамды суу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.