Жаңылыктар
Президент АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салууну айыптады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салууну айыптады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракетине байланыштуу билдирүү жасады.

«Талапкер жана АКШнын мурдагы Президенти Дональд Трамптын Пенсильваниядагы шайлоо алдындагы митинг учурундагы кол салуу аракетин кескин айыптайм.

Анын тезирээк сакайып кетишин, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез айыгуусун каалайм», - деп айтылат билдирүүдө.