Жаңылыктар
Бүгүн - рак менен күрөшүү күнү
Ден соолук
Бүгүн - рак менен күрөшүү күнү

 Бүгүн- бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнү. Бул эл аралык иш- чара ракка каршы күрөшүү уюму тарабынан уюштурулат. Анын тарыхы 2005-жылы башталган. Ракка каршы күрөшүү уюму жыл сайын дүйнөлүк күрөш күнүнө карата негизги теманы аныктайт. 

Өткөн жылдарда балдарды курчап турган айлана-чөйрө жана жашы жете электерди тамекисиз жашоого үндөө, рак клеткаларына каршы вакциналар, туура жашоо сыяктуу глобалдуу маселелер козголгон.

 Онкологиялык оруулардан жылына 8 миллиондой адам каза болот. Дүйнөдө өпкө рагы менен жабыркагандар басымдуулук кылат жана бул дартка чалдыгуунун бирден-бир себеби чылым чегүү болуп эсептелет.