Жаңылыктар
Телефонду эмне үчүн каттатуу керек?
Кыргызстан жаңылыктары
Телефонду эмне үчүн каттатуу керек?

Уюлдук телефондор милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлүшү керек. Ишти Мамлекеттик идентификациялоо системасы алып барат. Идентификациялоонун бекитилген тартибине ылайык импорттоочулар ар бир аппараттын IMEI кодун каттатууга тийиш. Катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албай калат.