Жаңылыктар
Блогерлер жана активисттер Ташиевдин атын жамынып, иш алып барууда. Сак болуңуздар!
Кыргызстан жаңылыктары
Блогерлер жана активисттер Ташиевдин атын жамынып, иш алып барууда. Сак болуңуздар!

Белгилүү блогерлер жана интернет активисттер УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин атын жамынып, акчалай сый акы үчүн жарандарга ар кандай маселелерин чечип берүүнү убадалаган учурлар катталууда. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Буга байланыштуу К.Ташиев жарандардын УКМКнын кабылдамасына же электрондук почтасына жөнөткөн арыз жана кайрылууларын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамга ылайык карайт. Абирийсиз адамдар тарабынан алдамчылык фактыларга жол бербөө үчүн жарандарды мыйзамда белгиленген тартипте УКМКга кайрылууга чакырат.

УКМКнын төрагасы менен тааныштыгы же башка карым-катнашы бар экенин айткан адамдарга алданып калгандар болсо, 0312 620 585 номерине кайрылса болот.