Жаңылыктар
Борбор калаада жайгашкан жеке менчик мектепте өрт чыкты (жаңыланды)
Өзгөчө кырдаал
Борбор калаада жайгашкан жеке менчик мектепте өрт чыкты     (жаңыланды)

Бишкектин Аалы Токомбаев жана Жукеев Пудовкин көчөлөрүндө жайгашкан чиркөөдөгү өрт толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоону өчүрүүгө 8 өрт өчүрүүчү жана суу ташуучу унаалар тартылды. 

Милиция, тез жардам кызматкерлери келишти. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Жалбырттаган жалын имаратка капталдаш жайгашкан жеке мектепке да жабылган. Бирок аны өрт өчүрүүчүлөр өчүрүүгө жетишти. 

Тегеректе жашаган тургундардын айтымында өрт эртең менен тогуздар чамасында башталдып, ошол замат окуучулар сыртка чыгарылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей маалымат эртең менен тогузга чукул келип түшкөн. 

Алдын -ала божомолдор боюнча жалпы аянты 750 чарчы метрлик төрт кабаттуу имарат күйүп кетти.Өрттүн чыгуу себептери такталууда.