Жаңылыктар
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр  Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тараптар өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошондой эле өлкө башчысы Өзбекстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү/ачуу аземи өтөт.

Мындан тышкары, бул сапарга карата кыргыз-өзбек Бизнес-форуму жана Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар болот.