Жаңылыктар
Айтургандын өлүмү боюнча иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Айтургандын өлүмү боюнча иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө

Коомчулукта резонанс  жараткан Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши Башкы  прокуратуранын көзөмөлүндө. 

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Маматкулова Айтурган Мустафаевнанын өлүмү боюнча кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет.

Эске салсак, 25 жаштагы Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө күйөөсү күнөөлү экенин айтып чыгышкан.