Жаңылыктар
А.Жапаров: "Биз позицияларыбызды дайыма жакшыртып турушубуз керек”
Кыргызстан жаңылыктары
А.Жапаров: "Биз позицияларыбызды дайыма жакшыртып турушубуз керек”

“Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында республикада 136 жаңы ишкана ачылат. Экономика жана коммерция министрлиги ушул жана башка ишканаларды колдоого алышы керек, ошондой эле ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу ички рынокту коргоону үйрөнүшү зарыл”, - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясында.

МинКаб Төрагасы министрлик товардык биржаларды өнүктүрүүгө көңүл бурушу керектигин, ошондой эле импортту алмаштыруу жана ата мекендик продукцияны алдыга жылдыруу боюнча демилгелерди сунуштаган экспортту өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Moody's жана Fitch рейтингдеринде Кыргызстандын позициясын жакшыртуу боюнча министрликтин натыйжалуу ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

“Moody's рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасынын кредиттик рейтингинин келечектеги болжолун терс мааниден туруктуу деп баалап, улуттук жана чет элдик валютадагы эмитенттин узак мөөнөттүү рейтингдерин B3 деңгээлинде (Би үч) тастыктаганы маалым. Бул мамлекеттин өзүнүн финансылык милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткара ала турган ишенимдүү өнөктөш катары күчтөнүп жатканын көрсөтөт. Бирок, бул жетиштүү эмес, жана бул жерде эч ким токтоп калбашы керек. Бул багытта кылдаттык менен иштөөңүздөрдү суранам. Бул эл аралык каржы институттарынын жана инвесторлордун алдында өлкөнүн аброюна байланыштуу маселе. Биз позицияларыбызды дайыма жакшыртып турушубуз керек”, - деди Акылбек Жапаров.