“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоорлорун ишке ашыруу экономикабыздын абалын түп тамырынан бери өзгөртөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйынында билдирди.
“Ылдамдатылган темпти басаңдатпоо жана алдыга жылуу үчүн кесипкөйлүк, жумушка чыгармачылык менен мамиле кылуу жана темирдей тартип керек”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.
МинКаб Төрагасынын айтымында, транспорт-логистика системасы чөйрөсүндө – Кыргызстанды транспорттук “тупиктен” чыгууга жана республика боюнча соода-логистикалык борборлорду түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоо зарыл.
“Мен биздин терең анализди талап кылган маалыматтарды келтирейин. Европанын 2023-жылы ИДП көлөмү – болжол менен 25,5 триллион АКШ долларын, Кытайдын болжол менен 18 триллион АКШ долларын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы жарым триллионго жетпейт, 454 миллиард АКШ долларын түзгөн. Тилекке каршы, Кыргызстан мындай ыңгайлуу жайгашкан жерде туруп, дагы эле соода “порту” катары өз ордун таба элек жана эки дүйнөлүк гиганттын ортосунда болуп, жеткиликтүү потенциалды толугу менен ачкан эмес. Биз азыр “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун курууга кириштик, бул 4 миллиардга жакын адамды байланыштырып, Азиядан Европага жүктөрдү ташуунун географиясын кеңейтет”, - деди ал.
Акылбек Жапаров ошондой эле, Кыргызстандын санариптик аянтча же процессинг борбору болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар, балким санариптик экономикалык аймакты түзүү аркылуу электрондук соода, эл аралык санариптик биржа болушу мүмкүн экендигин кошумчалады.
“Биз трансулуттук соода операцияларын тейлөөгө жөндөмдүү болушубуз керек. Мындай ири долбоорлорду ишке ашыруу ички экономикалык процесстер менен коштолот жана экономисттердин милдети – максималдуу пайда алуу жана ички өндүрүштү өнүктүрүү”, - деди ал.