Жаңылыктар
Караколдогу базардан өрт чыгып, соода күркөлөрү жана мөмө-жемиштер күйүп кетти
Өзгөчө кырдаал
Караколдогу базардан өрт чыгып, соода күркөлөрү жана мөмө-жемиштер күйүп кетти

Каракол шаарындагы “Макиш” базарынан өрт чыгып, базардын бир бөлүгүндөгү соода күркөлөр жана мөмө-жемиштер күйүп кетти. 

Өрт таңкы саат төрттөрдө башталган. Шаардык өрткө каршы кызматы тилсиз жоону өчүрдү. 

Сатуучулар өздөрү саткан жемиштерди үшүк алдырбоо үчүн иштетип кеткен жылытуучу электр каражаттары өрттүн чыгышына себеп болгону айтылууда. 

Учурда кырсыктын зыяны такталып жатат.