Жаңылыктар
Алтындын баасы дүйнөлүк рекорд койду
Кыргызстан жаңылыктары
Алтындын баасы дүйнөлүк рекорд койду

Алтындын баасы жогорулап, бир троя унциясы 2480 долларга жетти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Бүгүн эртең менен биз президент Садыр Жапаровдун командасынын экономикалык саясатынын такталган курсунун дагы бир далилин алдык. Алтындын баасы дагы бир дүйнөлүк рекорд коюп, бир троя унциясы 2480 долларга жетти. Мурда анча рентабелдүү болбогон көптөгөн алтын кендерибизди иштетүү үчүн позитивдүү чөйрө түзүлүп жатат», — деди Акылбек Жапаров.


Министрлер Кабинетинин башчысы жыл башынан бери баа 21%дан ашык өскөнүн баса белгилеп, эл аралык аналитиктер алтынга суроо-талаптын мындан ары да өсүшүн күтүүшүүдө деп кошумчалады.
 
«Бирок эң негизгиси алтындын баасынын жогорулашы “Кумтөрдөгү” физикалык өндүрүштүн төмөндөшүнүн таасирин жумшартууга мүмкүндүк берет. Биз жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпин күчөтүп, капиталдык салымдарды көбөйтүшүбүз керек, ири эл аралык долбоорлордо болобу, орто биргелешкен долбоорлордо болобу, келип жаткан чет элдик инвестицияларды жигердүү өздөштүрүшүбүз керек», - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.