Жаңылыктар
Майыптыгы бар балдарга кам көргөндөрдүн акы төлөмү жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Майыптыгы бар балдарга кам көргөндөрдүн акы төлөмү жогорулады

Майыптыгы бар балдарга кам көргөндөрдүн акы төлөмү жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 1-июлунан тарта жеке ассистенттердин төлөмү 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин көтөрүлдү.

“Жеке ассистент” кызматы 2019-жылдан баштап туруктуу бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон, майыптыгы бар балдарга көрсөтүлөт.

Ошондой эле КР Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеке ассистенттин кызматы бала кезинен баштап биринчи топтогу (18 жаштан улуу) майыптыгы адамдар үчүн киргизилген.

2022-жылдын 1-июнунан тарта жеке ассистенттердин акысы 4900 сомдон 6268 сомго чейин көбөйтүлгөн.

2024-жылдын 1-июлуна карата бул кызмат 9 532 бала жана 5 316 бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарды камтыйт (жалпы 14 848 адам).

Азыркы учурда өлкө боюнча жеке ассистент кызматын көрсөтүп жаткан жарандардын саны 14 537 адамды түзөт.