Жаңылыктар
Аскат Алагөзов: "Президент мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабайт"
Кыргызстан жаңылыктары
Аскат Алагөзов: "Президент мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабайт"

Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Бир нече маалымат сайттары Президент Садыр Жапаровдун жана МинКаб Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары кылмышка шектелип кармалганын өздүк булактарына шилтеме кылып кабарлашты.

Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришет.

Сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир жолу өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгына бургум келет”,-деп билдирди басма сөз катчы.