Жаңылыктар
"Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна бир жумада 144 чалуу түшкөн
Кыргызстан жаңылыктары
"Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна бир жумада 144 чалуу түшкөн

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 1- июлунан 8-июлуна  чейин 1012 телефондон кайрылуу (бир суткада 144 чалуу) түшкөн.

38 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 11 же 28,9% жаш балдар, ал эми 27 же 71,1% чоң кишилер), анын ичинен 23 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 2 абонентке психологиялык консультация берилген, 5 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

38 чалуунун ичинен: эркектерден – 3 (7,9%), аялдардан – 24 (63,2%), эркек балдардан – 3 (7,9%), кыздардан – 8 (21,0%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам корсөтүү жөнүндө – 12 (балдар 1);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 6 (балдар 0);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 5 (балдар 3);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 4 (балдар 0);

– психологиялык жабырлануу менен – 2 (балдар 2);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 2);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 2 (балдар 0);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 1 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 1 ( балдар 1);

– үй- бүлөлүк зордук көрсөтүлгөн жөнүндө – 1 (балдар 1);

– билим берүү системасы жөнүндө – 1 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0).

974 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 12 (31,5%);

– Чүй облусунан – 3 (7,9%);

– Ош облусунан – 3 (7,9%);

– Ысык –Көл облусунан – 2 (5,3%);

– Джалал-Абадд облусунан – 2 (5,3%);

– Баткен облусунан – 2 (5,3%);

– Ош шаарынан – 1 (2,6%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 13 (34,2 %).