Жаңылыктар
Бишкекте айрым көчөлөр ачылып, кээ бир тилкелер жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте айрым көчөлөр ачылып, кээ бир тилкелер жабылат

Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 18-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жана жол кесилиши ачылат.
 
Андан тышкары, Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылып,
Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.
 
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургандарынан өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.