Жаңылыктар
Президент мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Президент мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстан Республикасына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.

Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев;

- Башкы прокурор Максат Асаналиев;

- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

- саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

- транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова;

- энергетика министри Таалайбек Ибраев;

- юстиция министри Аяз Баетов;

- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурлан Орунтаев;

- Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;

- Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев;

- Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев;

- Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.