Жаңылыктар
Киберкоопсуздукка байланышкан Мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Киберкоопсуздукка байланышкан Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын маалыматтык инфраструктурасынын санариптик туруктуулугун камсыз кылуу жолу менен инсанды, коомду жана мамлекетти коргоо максатын көздөгөн киберкоопсуздуктун бирдиктүү системасынын укуктук негиздерин белгилөө максатында кабыл алынган.

Алсак, аталган Мыйзам киберкоопсуздук системасынын негиздерин, киберкоопсуздукту камсыздоонун субъекттерин жана принциптерин, өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүнүн негиздерин, киберкоркунучтардын бирдиктүү базасын, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өз ара аракеттенүүнүн тартибин, киберкоопсуздук аудитти ж.б. белгилейт.