Жаңылыктар
Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 1 млн сом айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 1 млн сом айып салынды

Бишкекте 17-июлда көрктөндүрүү эрежелери сакталбаганы үчүн мэрия тарабынан 81 протокол түзүлүп, 1 088 000 сом айып салынды.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин төмөнкү беренелери боюнча:

- 114- беренесине ылайык чектеш аймактагы антисанитардык шарттар;

- 115- берененин 1-бөлүгүнө ылайык уруксат берилбеген жерлерге тиричилик таштандыларын ыргытуу;

- 179- берененин 2-бөлүгүнө ылайык жашыл аянттарга зыян келтирүү;

- 177-берененин 1-бөлүгүнө ылайык жол конструкциясын бузуу боюнча айып пулдар салынган.

Октябрь районунда 301 000 сомго, Ленин районунда 275 500 сомго, Биринчи май районунда 263 500 сомго, Свердлов районунда 248 000 сомго жеткен мыйзам бузуулар аныкталган.

Бишкек шаарынын мэриясы таштанды таштоочу жайларга видеокамералар орнотулганын, тартип бузгандар административдик жазага тартыларын эскертет.