Жаңылыктар
Кыргызстанда жарандар бир айда азык-түлүккө канча каражат коротот?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жарандар бир айда азык-түлүккө канча каражат  коротот?

2024-жылдын июнь жана июль айларына карата Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан республика боюнча азык-түлүктүн баасына мониторинг эсептелип чыкты.

Көбүнчө баалар жашылча-жемиштер, сүт азыктары жана бакча өсүмдүктөрүнө өзгөргөнү байкалууда.

Мисалы;


 

Азык-түлүктөр (июнь)

 
Баасы
(сом)
               Баасы

(сом)

1
1-сорттогу буудай уну


42
44
2
1-сорттогу нан


31
29
3
Күрүч


159
132
4
Гречка


78
74
5
Пияз


25
36
6
Помидор


111
100
7
Бадыраң


71
63
8
Сабиз


37
36
9
Капуста


29
29
10
Картөшкө


30
23
11
Төө буурчак


105
71
12
Кумшекер


85
86
13
Өсүмдүк майы


116
130
14
10 даана жумуртка


112
111
15
Алма


120
117
16
Кой эти


561
542
17
Уй эти


512
517
20
Канаттуулар эти


307
350
19
Балык


399
432
20
Чийки сүт


44
42
21
Айран


61
62

2024-жылдын июнь айына карата азык-түлүк куржундун баасын эске алуу менен республика боюнча жашоо минимумун эсептей келгенде бир айда бир жаранга 8050 сомду түздү, ал эми 2024-жылдын июль айына карай эсептелген жашоо минимуму 7959 сомду түздү жана июнь айы менен салыштырмалуу 1,13% га төмөндөгөнүн байкаса болот.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен берилген жашоо минимуму республика боюнча 7769,17 сомду түзөт жана орточо айлык маяна 33664 сом.