Жаңылыктар
Ош — Баткен — Раззаков унаа жолу бир тараптуу ачылды
Кыргызстан жаңылыктары

Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 55-чакырымы бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Учурда тазалоо иштери уланууда. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 18-июлда саат 20:15 чамасында Ош облусунун Көк-Жар айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Жийде айылында сел жүргөн. Натыйжада Ош — Баткен — Раззаков унаа жолу убактылуу жабылган.

Жолду тазалоого №37 жол тейлөө кызматынан грейдер, жүктөгүч жана айыл аймагынан экскаватор тартылган.