Жаңылыктар
Ноокат: Сел катталган аймакка ыкчам топ тартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокат: Сел катталган аймакка ыкчам топ тартылды

Ноокатты кайрадан сел каптап ага ыкчам топ түзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалымат боюнча, Ош облусунун Көк-Жар айыл аймагында саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жийде айылында сел жүрүп, натыйжада Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 55, 57 жана 63-чакырымдарын каптап, каттам убактылуу жабылган.

Аталган аймактардагы унаа жолду тазалоого №37 жол тейлөө кызматынан грейдер, жүктөгүч жана айыл аймагыган экскаватор тартылган. Тактоо иштерине Ноокат райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Кошумча маалымат берилет.