Жаңылыктар
Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү ачылды

Бүгүн, 18-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.

Форумдар сарайында өткөн ачылыш аземине эки лидердин жубайлары да барышты.

Программанын алкагында жогорку даражалуу меймандар үчүн гала-концерт уюштурулуп, анда кыргыз жана өзбек драма театрларынын актерлорунун аткаруусундагы “Улут жүзү” театралдык оюну, ошондой эле Нурдин Тугелов атындагы Кыргыз мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли аткарган “Эргиме” хореографиялык композициясы тартууланды, Муса Баетовдун репертуарынан “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы “Сагынам” чыгармасы жаңырды.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрү 2024-жылдын 22-июлуна чейин созулат.