Жаңылыктар
Боордош казак элинен Ошко гумжардам келди
Кыргызстан жаңылыктары
Боордош казак элинен Ошко гумжардам келди

Бүгүн, 19-июлда Казакстан Республикасынан  Кыргызстанга гуманитардык жардам кирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Алматы шаарындагы “BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” кайрымдуулук фондунан өлкөнүн түштүгүндөгү селден жабыркаган кыргыз элине 40 тонна жардам келди.

Анын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.

Белгилей кетсек, аталган фонддун жетекчиси Перизат Кайрат.