Жаңылыктар
Административдик-аймактык бирдиктер тууралуу Мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
 Административдик-аймактык бирдиктер тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген “Кыргыз Республикасында башкаруу системасын реформалоону ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү жаңы административдик-аймактык түзүлүшүн уюштуруу” деген принципти жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Мыйзамдын максаты  Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын натыйжалары боюнча өлкөнүн бардык региондорунда административдик-аймактык бирдиктерди түзүүгө жана бекитүүгө багытталган.

Алсак, бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасында ирилештирилген административдик-аймактык бирдиктерди түзүү жана алардын административдик чек араларын бекитүү каралган. Жалпысынан 235 бириккен айылдык аймактын жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги 33 шаардын администрациялык чек аралары бекитилет.