Жаңылыктар
Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду 9 миллион доллардан ашык грант берет.
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду 9 миллион доллардан ашык грант берет.

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы “Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы “Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо болуп саналат.

Макулдашуунун шарттары боюнча Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (АӨЭФ) Кыргыз Республикасына 9 215 957 (тогуз миллион эки жүз он беш миң тогуз жүз элүү жети) АКШ доллары өлчөмүндө грант берет. Долбоор Адаптациялык фонд менен АӨЭФтин ортосундагы 2022-жылдын 7-ноябрындагы Макулдашууга ылайык Адаптациялык фонду тарабынан АӨЭФ аркылуу каржыланат.

Гранттык каражаттар турмуштук камсыз болуусу жайыт жерлеринен жана токойлорго көз каранды болгон айылдагы аялуу үй чарбаларына колдоо көрсөтөт. Буларга төмөнкүлөр кирет: мобилдүү экстенсивдүү мал чарбасын жүргүзгөн үй чарбалары; токой продукциясын алган үй чарбалары; тоют камдаган үй чарбалары; жана айылдагы аялдар менен жаштар. Аялдардын жана жаштардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.