Жаңылыктар
Көзү ачыктарды жарнамалагандарга тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Көзү ачыктарды жарнамалагандарга тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык оккультизм-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды көрсөтүүчү жактарды жарнамалоого жол берилбейт. Кабыл алынган Мыйзамдын максаты жарандардын аң-сезимин кандайдыр бир оккульттук, сыйкырдуу жана башка анык эмес ыкмалар менен кызмат көрсөтүү жаатында өз пайдасын алуу үчүн тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кызмат көрсөтүүнү болтурбоого багытталган.