Жаңылыктар
Кыргызстан менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы макулдашуу ратификацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы “Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы “Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо болуп саналат.

Макулдашуунун шарттары боюнча Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (АӨЭФ) Кыргыз Республикасына 9 215 957 (тогуз миллион эки жүз он беш миң тогуз жүз элүү жети) АКШ доллары өлчөмүндө грант берет. Долбоор Адаптациялык фонд менен АӨЭФтин ортосундагы 2022-жылдын 7-ноябрындагы Макулдашууга ылайык Адаптациялык фонду тарабынан АӨЭФ аркылуу каржыланат.

Гранттык каражаттар турмуштук камсыз болуусу жайыт жерлеринен жана токойлорго көз каранды болгон айылдагы аялуу үй чарбаларына колдоо көрсөтөт. Буларга төмөнкүлөр кирет: мобилдүү экстенсивдүү мал чарбасын жүргүзгөн үй чарбалары; токой продукциясын алган үй чарбалары; тоют камдаган үй чарбалары; жана айылдагы аялдар менен жаштар. Аялдардын жана жаштардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.