Бүгүн, 19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз берген.
Эл өкүлү 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак округунан шайланып келген. Эми аталган райондо кайра шайлоо өткөрүлөт.