Жаңылыктар
20-июлда тоолуу аймактарда өткүн өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
20-июлда тоолуу аймактарда өткүн өтөт

20-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун кээ биррайондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорундаөткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

КүндүзЧүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад,Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп,күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз+29…+34,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз+28…+33,

Баткенде түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23,күндүз +31…+36,

Ысык-Көл блусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз+22…+27.

Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүзөткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр,күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын  температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градусболот.