Жаңылыктар
Ош: Борбордук базар көчөт, селден жабыркагандар акча алат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: Борбордук базар көчөт, селден жабыркагандар акча алат

Ошто сел агызып каза болгондордун жакындарына жана үйү авариялык абалга кептелгендерге миллион сомдон берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал Оштогу селден жабыркаган жерлерди көрүп, жапа чеккендер менен жолугушту. Андан соң жергиликтүү бийликтин катышуусунда жыйын өткөрдү.