Жаңылыктар
Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөт

Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. 

Муниципалитет тараткан маалыматка ылайык, жаңы базар Көкүмбий көчөсүнө, Ош автоунаа базарынын жанындагы дээрлик 17 гектарга жакын жерге курула турган болду. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кечээ борбордук базар көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоону тапшырган. 

Калаа бийлиги жаңы жерде соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлөрүнө убада берди. Эске салсак, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 19-июлда, Оштогу селден жабыркаган базар башка коопсуз жайга көчүрүлөрүн билдирген. Ал ошондой эле Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар алынарын кошумчалаган.