Жаңылыктар
Чүй проспекти менен жүргөн автобус каттамдары өзгөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй проспекти менен жүргөн автобус каттамдары өзгөрдү

Бишкекте бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Бүгүн 22-июлдан тарта Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу №7, 34, 38, 166 автобус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөрдү.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары!

Сураныч, сапарларыңызды пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алыңыз.