Жаңылыктар
Денис Петрашов Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Парижге барды
Сууда сүзүү
Денис Петрашов Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Парижге барды

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Франциянын борбору Парижге барды. Ал өзүнүн Instagram баракчасында Олимпиада өтүүчү жайда тартылган сүрөт менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, Петрашов өлкө спортчуларынын ичинен биринчилерден болуп мелдешке чыгат. Ал 27-июлда 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча катышат. Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.