Жаңылыктар
К.Ташиев: "Чыныбай Турсунбековдун кыздары мыйзамсыз менчиктеп алган жерге ипотекалык үйлөрдү курабыз"
Кыргызстан жаңылыктары
К.Ташиев: "Чыныбай Турсунбековдун кыздары мыйзамсыз менчиктеп алган жерге ипотекалык үйлөрдү курабыз"

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЖМКлардын бирине берген интервьюсунда маркум Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу комментарий берди.

Ташиевдин айтымында, Чыныбай Турсунбековдун кыздары 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү «Акылинвестбанкты” рейдерлик жол менен тартып алышкан.

“2010-жылы Чыныбай Турсунбековдун Максим Бакиевге тиешелүү «Акылинвестбанкты” рейдерлик жол менен тартып алышкан.Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын “Капитал банк” деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери “Капитал банк” болуп иштеп келе жатат.
 Мындан сырткары, илгерки Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышкан. Аны болсо бир тууган кайнисине каттатып алган. Жөнөкөй элдер үй курууга төрт сотых жерге жетпей жүрсө, булар Бишкектин чак ортосунан 1,5 гектар жери менен кошо килейген бир заводду ээлеп алышкан. Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып жаткан жокмун. Мамлекетке кайтартып жатам. Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элдерге үйлөрдү салып беребиз. Банкты болсо сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз.

Дагы бир иш — Чолпон-Ата шаарында 18 гектар жерди дагы мыйзамсыз алып, “Акун” деген пансионат салып алышкан. Ал жакта да элдер жарым сотых жерге жетпей зарлап жүрүшөт. Булар 18 гектар жерди ээлеп жатышат. Биз аны тартып алып жаткан жокпуз. “Жердин баасын мамлекетке төлөп койгула” , - деп жатабыз.

“Мен так кесе айтып коёюн, биздин туршубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт”,-деп билдирди Камчыбек Ташиев.