Жаңылыктар
Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо мыйзам аркылуу күчөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо мыйзам аркылуу күчөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.Алсак, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы 3381-берене менен толукталды.Мындан сырткары кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренесинде көрсөтүлгөн жоопкерчилик күчөтүлдү.Ошону менен бирге ишкерлер жана инвесторлорго карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени кароодо кабыл алынган Мыйзам сотторду биринчи кезекте электрондук билериктерди (электрондук байкоо жүргүзүү), күрөө же үй камагын колдонууну кароого милдеттендирет.

 Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.