Жаңылыктар
Ак-Бууранын жээгинен мыйзамсыз курулуштарга уруксат бергендерге чара көрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Бууранын жээгинен мыйзамсыз курулуштарга уруксат бергендерге чара көрүлөт

Ак-Буура дарыясынын жээгинде мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат адамдарына чара көрүлөт. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматка караганда, Ош прокуратурасы тарабынан Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан жер тилкелеринде курулушка уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок өз билемдик менен 10 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөр жана башка соода түйүндөрү курулгандыгы аныкталган.

Алсак, Ош шаарынын архитектуралык-курулушту контролдоо боюнча шаардык башкармалыгынын, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышкан.

Аталган жерде курулган мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, алып салуу боюнча эч кандай чара көрүшкөн эмес жана мыйзамсыз курулуштардын курулушуна өбөлгө түзүп беришкен.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.