Жаңылыктар
Улуттук статистикага 90 жыл
Экономика
Улуттук статистикага 90 жыл

Статистика комитетинин негизделгенине 90 жыл болду. Ага карата комитетте кеңейтилген курамда отурум болуп, ага вице-премьер-министр Олег Панкратов жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты. 

Мааракеге карата комитеттин имаратынын алдына карагайдын көчөттөрү отургузулду. Андан соң Улуттук статистиканын 2015-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, анда комитеттин төрагасы Акылбек Осмоналиев - Кыргызстандын статистика тармагынын өнүгүшүнө Дүйнөлүк банк 2 жарым миллион доллар бөлүп берээрин билдирди. Каражат Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде берилүүдө.