Жаңылыктар
Жолго чыгарда унааңыздын номуруна көңүл буруңуз!
Кыргызстан жаңылыктары
Жолго чыгарда унааңыздын номуруна көңүл буруңуз!

Бишкек мэриясы транспорт кыймылына чектөө киргизүү маселесин кайрадан көтөрдү.

Анда республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда унаанын акыркы номери боюнча белгиленген күнү автоунаа кыймылына чектөө киргизүү сунушталууда.

Эгер номериңиздин акыркы сандары төмөндөгүдөй бүтсө жуманын айрым күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында жүрүүгө болбойт:

1 жана 2 сандары менен бүтсө — дүйшөмбү;

3 жана 4 — шейшемби;

5 жана 6 — шаршемби;

7 жана 8 — бейшемби;

9 жана 0 — жума.

Чектөө ишемби, жекшемби жана майрам күндөрдү кошпогондо 7:00дөн 21:00гө чейин колдонулат. Бул чара жолдордогу унаалардын санын 20 пайызга азайтары божомолдонууда. Ошондой эле чектөө атайын нөөмөтчү жана коомдук транспортко жайылтылбайт.

Башкача айтканда, республикалык маанидеги шаарлардын автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө жумасына бир жолу гана чектөө коюлат. Мында чектөө атайын, нөөмөтчү жана коомдук автотранспортко жайылтылбайт.

Бул мыйзамды бузгандар үчүн жеке жактарга миң сом, юридикалык бузууларга 5 миң сом айып салынат.