Жаңылыктар
Бишкектин жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң унааны түзөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң унааны түзөт

Бишкек шаарында 416 837 транспорт каражаты катталган. Аймактардан келген транспорт каражаттарын эске алганда, алардын жалпы саны 600 миңден ашат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы тарабынан коомдук талкууга коюлган Мыйзам долбоорунда айтылат.

Бишкек шаарына күн сайын 150 миңге чейин шаардан тышкары транспорт кирет. 

Акыркы эсептөөлөр боюнча борбор шаардын жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миңге жакын транспорт каражатын түзөт. Бул көлөм шаардын жол инфратүзүмүнүн долбоордук өткөрүү жөндөмдүүлүгүнөн дээрлик эки эсе көп.