Жаңылыктар
Дене тарбия-спорт уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге машыгууга шарт түзүүгө милдеттендирилди
Кыргызстан жаңылыктары
 Дене тарбия-спорт уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге машыгууга шарт түзүүгө милдеттендирилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Мында, Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренеси төмөнкү бөлүктөр менен толукталууда:

– дене тарбия-спорт уюмдарына, эгерде дене тарбия жана спорт менен алектенүүлөрүнө медициналык чектөөлөр жок болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга спорттук инфратүзүмгө жетүү мүмкүнчүлүгүнөн жана дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат;

– дене тарбия-спорт уюмдары менчигинин түрүнө карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бештен кем эмес адамга спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.

Мыйзамдын 35-беренеси дене тарбия-спорт боюнча жаңы инфратүзүмдү (спорт залдарын, сүзүүчү бассейндерди, спорттук комплекстерди) курууда жана колдонуудагысын реконструкциялоодо алардын ээлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ага кирүүсүнө шарттарды түзүүгө милдеттүү деген ченем менен толукталды.