Жаңылыктар
Олимпиада 2024: Денис Петрашовдун атаандаштары аныкталды
Сууда сүзүү
Олимпиада 2024: Денис Петрашовдун атаандаштары аныкталды

Денис Петрашовдун Париждеги Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштары белгилүү болду.

Спортчу 27-июлда 100 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке чыгат. Лицензия Жапонияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен берилген.

Бул аралыкта жалпысынан 38 спортчу сүзөт. Алгач катышуучулар алдын ала жарыштарга бөлүнүшөт, андан кийин алдыңкы 16 спортчу жарым финалга чыгат.

Атаандаштарынын арасында үч ирет Олимпиада чемпиону болгон Британиялык Адам Пити да бар. Ал Олимп оюндарында 2 жолу күмүш байге уткан. Дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону Адам Пити дүйнөлүк жана Олимпиадалык рекорддун да ээси.